pdf КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ НЕГИЗДЕЛГЕН ТАРЫХЫЙ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР Популярные

Владелец Число скачиваний: 233

Козубаева Бурул

Бишкек, Кыргызстан

Билим берүүнүн стандарты – негизги билим берүүчү программалардын мазмунун, окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн жана бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын деӊгээлине талаптарды аныктаган нормативдик документ. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү мыйзамына» [1., ст.5.] ылайык республиканын бардык мектептерине билим берүүнүн стандарты киргизилген. Билим берүүнүн стандарты – Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдары (мектеп, гимназия, лицей) үчүн жетектөөчү окуу-нормативдик документ болуп эсептелет. Негизги жана орто жалпы билим берүүчү мектептердеги тарых¬ты окутуунун биринчи мамлекеттик стандарты 1997-жылы иштелип чыккан 2.